Жаңылыктар
Ош шаарындагы төрөт үйүндө жабдыктар тартыш болууда
Ден соолук
Ош шаарындагы төрөт үйүндө жабдыктар тартыш болууда

Ош шаарындагы төрөт үйүндө керебет тартыштыгы күч. Орундуктардын жетишсиздигинен  көз жарган энелер имараттын ашканасына чейин жайгаштырылып жатат. Айрым учурда  төрөттөн кийин энелер  каридорлорго чейин  жатууга аргасыз болушууда. Мындай көрүнүш, төрөт стационарынын имаратынын бир бөлүгү  башка кызматка берилип кеткенден кийин байкалган. Тагыраагы Түштүк аймактык бангизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгына имараттын бир бөлүгү 2004-жылы берилип кеткен. Эми төрөттөрдүн саны өскөнүнө байланыштуу ошол имаратты кайрадан алуу зарыл болуп жатат. 

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио", Ош шаары