Жаңылыктар
Карамушкина Кыргызстанда орус тилин өнүктүрүүгө кызыкдар
Саясат
Карамушкина Кыргызстанда орус тилин өнүктүрүүгө кызыкдар

Жогорку Кеңештин  айрым депуттары  эл аралык иш чараларда орунсуз сүйлөгөн сөздөрү үчүн кайрадан коомчулуктун сынына кабылышты. Бул жолу Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегациянын Санкт-Петербург шаарында уюштурулган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйынында депутат Ирина Карамушкина, Кыргызстанда орус тилин өнүктүрүү маселесине токтолуп,  өзгөчө мындай  иш аракеттерди  медреселерде жүргүзүү зарылдыгын  белгилеген. Бул айткандары үчүн  чогуу барган  кесиптештеринен кагуу жеп,  азыркы тапта  кесиптештери менен кантип кайым айтышканын түшүндүрүү аракетин көрүүдө. 

Жогорку Кеңештин 5-жана 6-чакырылышынан депутат Ирина Карамушкинанын  буга чейин  да кыргыздын калпагын мончого кийүүгө  ыңгайлуу  деген өңдүү калпыс сөзү көпчүлүктүн сынына кабылган эле. Учурда парламенттеги  башка фракциянын депутаттары   Карамушкинанын Питердеги сүйлөгөн сөзүн КСДП фракциясы  карап чыгышы  керектигин айтышууда. Деген менен бул айыптоолорду Карамушкина четке кагат жана өз  кадамын туура деп эсептейт. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"