Жаңылыктар
18 жашка чейин турмуш куруу - кылмыш
Кыргызстан жаңылыктары
18 жашка чейин турмуш куруу - кылмыш

Кыздардын укугун коргоп эрте турмуш куруусуна жол бербейбиз. Мындай маселе Бишкек шаарында мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышкан тегерек үстөлдө айтылды. Чогулгандар, эрте жаштан турмушка берүүгө тыюу салган мыйзамдын иш жүзүндө  аткарлышын этаптык кадамдарын иштеп чыгышкан. 

Алардын айтымында, кыз балдарды күчтөп күйөөгө узатуу  токтогон жок. Андыктан мыйзамдын иш жүзүнө ашышына коомчулук колдоосу керек дешет алар.  Ошондой эле өлкөдө үй-бүлө институтуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын, үлгүлүү үй-бүлөлөрдү мисал келтирген социалдык роликтер тартылышы керек экенин  айтып келишет.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"