Жаңылыктар
АКШ: Дональд Трамп кызын кеңешчи кылып алды
Дүйнө
АКШ: Дональд Трамп кызын кеңешчи кылып алды

АКШ президенти Дональд Трамптын кызы Иванка Трамп президенттин атайын кеңешчиси болуп дайындалды. 

Ал мамлекеттик кызмат үчүн каралган этикалык эрежелерди сактоого милдеттүү болору кошмо штаттардын ак үйүнүн билдирүүсүндө белгиленди. Сенаторлор президенттин кызынын ишкердик кесиби жана президентке кеңешчи болушу этикалык эрежелерге жатабы? - деген суроо салышкан.

Иванка Трамп атасынын администрациясындагы расмий кызматты мындай сындарга жооп иретинде, маяна албастан ыктыярдуу түрдө аркалоону чечкенин жарыялады.