Жаңылыктар
Чүй дарыясынын жээктери бекемделүүдө
Өзгөчө кырдаал
Чүй дарыясынын жээктери бекемделүүдө

Өкмөт Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштерин ыкчам колго алды. Бул жумуштарды тездетпесе Бишкек-Нарын-Торугарт жолун жууп кетүү жана тегеректеги турак жайларды суу каптоо коркунучу бар. 

Учурда Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Чүй дарыясынын боюндагы эң кооптуу делген 21 тилкеде жээктерди бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул жумуштар менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков таанышып, кар калың түшкөндүгүнө байланыштуу быйыл кирген суунун кубаты абдан катуу болоорун айтып, ишти токтотпостон улантууну айтты. Бул жумуштар абдан маанилүү болгондуктан бюджеттен зарыл болгон каражат бөлүнүп берилерин билдирди.

Дарыянын жээктерин бекемдөө жумуштарына бюджеттен 120 миллион сом каралып, анын 54 миллион сому бөлүнүп берилген. Калган каражаттар дагы буюрса өз убагында берилет, - деди каржы министри. Ошол эле учурда өкмөт башчы жээктерди жана жолдорду бекемдөө жумуштарын сугат иштери башталгыча аяктоону тапшырды.

"Азыр баарын карагыла. Себеби кар көп түштү. Мына суу кирип жатыптыр. Зарыл болгон каражат бөлүнүп берилет. Бул жумуштардын бардыгы өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн көзөмөлүндө болсун",- деди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.