Жаңылыктар
УКМК: №1 тергөө абагынын орун басары пара менен кармалды
Коррупция
УКМК: №1 тергөө абагынын орун басары пара менен кармалды

№1 тергөө абагынын жетекчисинин орун басарын пара алып жаткан жеринен УКМКнын кызматкерлери кармады. 

29-март күнү ал №1-тергөө абагына азык-түлүк жеткирүү боюнча тендердин алкагында, жеке кызыкчылыгын көздөп, катышуучудан 87 миң сом алып жатканда кармалган. Аталган фактынын негизинде прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыр бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.