Жаңылыктар
КТРКнын Байкоочу кеңешине талапкерлер каралды
УТРК жаңылыктары
КТРКнын Байкоочу кеңешине талапкерлер каралды

Парламентте КТРКнын Байкоочу кеңешине талапкерлер каралды. Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети Коомдук каналдын Байкоочу кеңешине ат салышкан талапкерлерди жактырды. Депутаттар 32 талапкердин ичинен 31 адамды тандады. Эми алар палатанын элегинен өтүшү керек. 

"Жалпы 32 адам талапкерлигин көргөздү. Анын 10 адамы президент тарабынан, 6 мүчө парламенттин квотасы, 16 киши коомчулук тарабынан көргөзүлдү. Айта кетчү нерсе, талапкерлерди тандоодо ал ММК тармагында 5 жыл иштеши керек экендиги эске алынат",- деди Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин башчысы Гүлкан Молдобекова.

Эскерте кетсек, КТРКнын Байкоочу кеңеши 15 мүчөдөн турат. Аларды бешөө өлкө президенти, 5 мүчө парламенттен жана дагы бешөө жарандык коом тарабынан сунушталат.