Жаңылыктар
Он тогуз жергиликтүү кеңеште кайрадан шайлоо өтөт
Шайлоо 2023
Он тогуз жергиликтүү кеңеште кайрадан шайлоо өтөт

Борбордук шайлоо комиссиясы 19 жергиликтүү кеңеште шайлоону кайра өткөрүү сунушун президент Алмазбек Атамбаевге жөнөттү. 

БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов эки кесепеттен улам президентке кайрадан шайлоо өткөрүү сунушу берилгенин билдирди. Булар өз алдынча башкаруу мекемелеринин башчыларын биринчиден кворум болбой калды деп шайлай албай коюшту. 

Экинчиден, көрсөтүлгөн талапкерлер тиешелүү добуш ала алган жок. Кайрадан шайлоо өткөрүүгө сунушталган аймактардын арасында Айдаркен, Кадамжай, Таш-Көмүр, Кара-Балта, Кемин шаарлары жана 14 айылдык кеңеш бар. 

Абдыжапар Бекматов кошумчалагандай, аталган аймактарда шайлоо 28-майда өтчү жергиликтүү кеңештин шайлоосу менен бирге өткөрүү аракети көрүлмөкчү. 27-мартта президент Алмазбек Атамбаев ушул жылдын 28-майында мөөнөтү аяктай турган 18 айылдык жана эки шаардык кеңеште жергиликтүү депутаттарды шайлоо өткөрүү буйругуна кол койгон.