Жаңылыктар
«Мээримдүү жүрөк» кайрымдуулук текчеси ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
«Мээримдүү жүрөк» кайрымдуулук текчеси ачылды

Ош шаардык жаштар комитети шаардагы ири дүкөндөргө кайрымдуулук текчесин ачты. Текчеге коюлган азык-түлүктөрдү аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, жардамга муктаж кары-картаңдар, майыптар жана көп балалуу энелер акысыз ала алат. Азык-түлүктүн курамында: нан, өсүмдүк майы, кесме, жашылчалар бар. 

"Дүкөнгө кирген ар бир жаран кайрымдуулук жасаса болот. Маселен, үч нан сатып алып, анын бирөөсүн мына ушул текчеге калтырып кетсе болот",- дейт Ош шаардык жаштар комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Мэлис Обозов.

Мындай «мээримдүүлүк текчеси» Оштогу 10 дүкөндө ачылды. Уюштуруучулардын пикиринде, мындай кайрымдуулук бурчун кеңейтүү планы бар.