Жаңылыктар
Апрель айынын башында үшүк жүрөт
Кыргызстан жаңылыктары
Апрель айынын башында үшүк жүрөт

1-4- апрелге чейин аба ырайы кескин өзгөрүп, жамгыр карга айланат. Бул күндөрү түнкүсүн Чүй өрөөнүндө - 5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында - 2 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт. 

Тоолуу райондордо -5...-10, бийик тоолуу аймактарда -23 градуска чейин суук болот. 31-мартта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу райондордо жана тоолуу жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдорго кар күрткүсү топтолот. 

Мындай абал 2-апрелге чейин сакталат. Айдоочулар коопсуздук чараларынан улам унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого тийиш.