Жаңылыктар
Нарындын айрым айылдарын суу каптоодо
Өзгөчө кырдаал
Нарындын айрым айылдарын суу каптоодо

Түнү менен Нарын облусунун бир катар айылдарында тынчтык болгон жок. Анткени, күндүн тез жылып кетишинен улам кар эрип, анын натыйжасында суунун деңгээли көтөрүлгөн.

Кышы менен жааган калың кар күн жылыганда ээрип, адегенде эле Нарын районундагы Жан-Булак айылына кедергисин тийгизди. Катуу кирген суу мындагы 30-40ка жакын үйдүн короосун каптаган. Учурда өзгөчө кырдаалдар кызматы жеринде иш алып барууда.

Чындыгында даярдыктарыбызга карабай, айрым үйлөрдүн жер төлөсү сууга толуп, аларда сакталган картөшкө, жашылчалар керектен чыкты. Ал чыгымдардын баарысын тең төлөп берүүгө жергиликтүү бюджет алсыздык кылат. Андыктан, мүлктү камсыздандыруу кызматтарына кайрылууга туура келүүдө. Жобого ылайык, алардан жардам алуу үчүн шаардыктар бир жылга 1200, айылдыктар 600 сом төлөөгө тийиш. Тилекке каршы аталган айыл тургундарынын көбү буга чейин үйлөрүн камсыздандырган эмес.

"Тамды жаңы эле салгам. Камсыздандырганга үлгүргөн жокмун. Жаңы эле документтерин бүтүргөм. Эми азыр коргонуп атабыз. Мүшөк алганбыз. Бирок, суу ага деле карабайт экен",-дейт Жан-Булак айылынын тургуну Шейшенбек Базарбаев. 

Бул түнү ушундай эле түйшүккө Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо жана Нарын районундагы Сары-Ой айылдарынын тургундары да кабылды. Бактыга жараша, олуттуу зыян менен жоготуулар жок.
Ошондой эле, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Кара-Үңкүр участкасына жалпы көлөмү 135 миң кубметр кар көчкүсү түшкөн. Андыктан сапарга чыккандарга этият болуп, жол аралыгын сактоо талап кылынат.