Кыргызстандын тарыхында кара так болуп жазылып калган апрель окуясынын жети жылдыгына саналуу күндөр калды. Бул күн кыргыз эли эркиндик, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук үчүн бийликке каршы чыккан тарыхый окуя. Каргашалуу күнү 87 азамат окко учуп, миңдеген адам жарадар болгон.
7-жыл мурун үй-бүлөлүк бийликке каршы чыккан жөнөкөй жаран, азыр элдик баатыр. Абдыжалил Казиевдин эрмеги бала-чакасын тарбиялоо, эртели кеч кенже кызын бала бакчага жеткирип кайра алып келет.
Каргашалуу окуяда аба ырайы ушундай болуп жаан мөндүрдөй жааган. Ал күнү Казиевдин ийнине ок жаңылган. Карапайым элге ок чыгарган бийликке нааразы болгон адам жараатын таңдырып алып, катарга кошулганда жанына граната келип жарылган. Башынан жаракат алып азыр 3-топтун майыбы. Элдик баатырдын пикиринде, эгер ал күнү жаан болбосо, ок-дарынын жытынан калың эл азап тартмак.
Ажалдан аман калган Абдыжалил Казиев учурда үй-бүлөсүнүн кашында, келининин колунан ысык чай ичип жашоосуна ыраазы. 60 жашка таяп калган апрель окуясынын катышуучусунун 3 уул, 3 кызы бар. Каарман балдарын окутуп, тарбиялап түтүн булатып жашап жатат. Бирок ал гүлгүндөй өмүрү кыйылган эр-азаматтарды көкүрөгүнө сактап, ар дайым эскерип турат.
Арадан жети жыл өттү. Эрдик кылган адамдар унутта калбайт. Аларга мамлекет каражат бөлүп, үйлүү кылган. Аны менен катар акысыз дарыланып турушат. 7-апрель 2010-жылы адилетсиз бийлик кантип кулатылганы элдин жүрөгүндө.