Жаңылыктар
Жалал-Абадда эски үлгүдөгү паспорттор такталып, жаңыланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абадда эски үлгүдөгү паспорттор такталып, жаңыланууда

1994-жылкы үлгүдөгү паспортторду тезинен алмаштыруу зарыл. Анткени эски үлгүдөгү паспорттор ушул жылдын 1-апрелинен тартып толугу менен юридикалык күчүн жоготуп, жараксыз болуп калат. Учурда Жалал-Абад облусунда эски үлгүдөгү паспорттордун 3 миңден ашыгы такталып, жаңыланды. 

Колундагы эски үлгүдөгү паспорту жакынкы күндөрү жарактан чыгаарын уккан Сузак районунун тургуну Жаныш Калилов пенсия жашындагы аксакал. Жалал-Абад шаарындагы паспорт бөлүмүнө келип, 1994-жылкы көк паспортун алмаштырууда. Антпесе аксакал эски үлгүдөгү паспорту менен мындан ары пенсия ала албай калат.



Ал эми ден соолугуна байланыштуу паспорт бөлүмдөрүнө жете албаган жарандар үчүн атайын документтештирүү боюнча ыкчам топ уюштурулуп, жеринде каттоого алууда. Белгилеп кетүүчү жагдай 60 жашка чыккан жана андан ашкан жарандардын паспорттору акысыз алмаштырылат.

Жарандарды жаңы үлгүдөгү ID-кард паспорту менен камсыз кылуу үчүн өткөн жылдын ноябрь айында өкмөт атайын токтом кабыл алган. Андан бери Жалал-Абад облусунда эски үлгүдөгү паспорттордун 3 миңден ашууну жаңыланды. Азыркы тапта дагы жаңылануучу 300 дөй эски үлгүдөгү көк түстөгү паспорттор бар.

Ал эми адистер 1994-жылкы үлгүдөгү паспорттун ээлерин паспорт берүүчү жайга келип жаңы үлгүдөгү ID-картага алмаштырууга чакырат. Анткени эски үлгүдөгү көк паспорттор 1-апрелден тартып, толук күчүн жоготот.