Жаңылыктар
Жол эрежелерин сактоо маданияты качан калыптанат?
Кыргызстан жаңылыктары
Жол эрежелерин сактоо маданияты качан калыптанат?

Айдоочуларда жол эрежелерин сактоо маданияты калыптана элек. Буга жөө жүргүнчүлөр өтө турган жерлердеги көрүнүштөрдү да мисал келтирсек болот. Тиешелүү мекеме айдоочулар бул маселеге көңүл бура баштаганын, бирок көйгөй дагы деле жоюла электигин билдирүүдө. POST1RIGHT

Бишкектеги жөө жүргүнчүлөр өтө турган кунары кеткен чаар сызыктар соңку жылдары жаңыланды. Бирок ал жол кырсыгына байланышкан көйгөйдү толук чечкен жок. Айдоочулардын арасында эрежени сактабагандар арбын. POST2LEFT

Жол эрежесин урматтап, жөө жүргүнчүгө тоскоолдук кылбоо дагы маданият. Бирок, айдоочулар жарыша айдап, мындай талапты аткарбайт. Кооптуу жагы - аны эреже бузуу катары эсептебегендер арбын.

Айдоочулардын да айта турган жообу бар. Айрым жөө жүргүнчүлөрдүн жүрүм-туруму аларды капалантат.
Тиешелүү мекеме жөө жүргүнчүлөр өтө турган жерлерде атайын белгилер көбөйгөндүктөн, жагдай салыштырмалуу жеңилдегенин билдирет. Айдоочулар гана эрежеге моюн сунбай, кыйынчылыктарды жаратууда.

Жол кырсыктарынын курмандыктары саны жагынан оорудан улам көз жумгандардан кийинки эле орунда турат. Мындан улам адистер айдоочуларды жоопкерчиликтүү болууга чакырганы чакырган. Жөө жүргүнчүлөргө тиешелүү жерден жол бошотпогондорго миң сом айып пул салынат. Бирок мындай эреже бузгандар арбын болгонуна карабай азырынча аны толук көзөмөлдөп, каттоого алуу жагы жолго коюла элек.