Жаңылыктар
Соода-сатыктын баары сом менен гана болушу керек
Экономика
Соода-сатыктын баары  сом менен гана болушу керек

Алып сатуулар улуттук акча менен гана. Чет элдик валюта менен келишим түзүүгө мыйзам жол бербейт. Бүгүн антимонополия кызматы журналисттер менен биргеликте борбор калаадагы унаа сатуучу жайлар менен курулуш компанияларынын алып сатуудагы бааларына мониторинг жүргүзүп, бир катар мыйзам бузууларды аныктады. 

Антимонополия кызматынын кызматкерлери алгач Бишкектеги унаа сатуучу Тайота автосалонуна барды. Мында сатуудагы баа улуттук акча менен белгиленгени белгилүү болду.

Дагы бир унаа сатуучу Лада салону. Мында машинаныны баасы улуттук акча менен ылдый жагы долларда жазылып, улуттук банктын курсу менен деп белгиленген.

Бирок бул соода сатык, кызмат көрсөтүү мыйзамына каршы келет. Себеби аталган мыйзамга 2017-жылдын 14-фвралына киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, соода-сатыктын баары улуттук акча, тагыраагы сом менен гана болушу керек.

Мониторинг жасоо мындан кийин турак-жайларды куруп саткан компаниялардын каалгасында уланды. Бул ишкана кызматкерлери бааны көрсөткөн прайс баракчасын жетекчилик жоктугуна шылтап, көрсөтүүдөн баш тартты.

Кийинки курулуш компаниясынын менеджери болсо алып сатуу келишими доллар менен эсептелерин ачык айкын айтып берди.
Мыйзамды бузгандарга алгач эскертүү берилет. Ал эскертүүгө көңүл бурулбаган учурда юридикалык тараптарга 15 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынат. Монополияны жөнгө салуу кызматынын мыйзамдын аткарылышына мониторинг жасаганы менен көпчүлүк алып сатуу иштери доллар менен эсептелүүдө. Муну дээрлик бардык жарыялардан, социалдык тармактардан, гезит беттеринен окууга болот.