Дайыр Асанов атындагы кыргыз Улуттук аскер лицейинде 2017-2018-окуу жылында окуу процесси реформаланат. Буга байланыштуу аскер лицейи бир жыл студенттерди кабыл албайт. Ал аралыкта лицейдеги окутуунун сапатын жогорулатуу, окуу жана тарбиялоо процесстерин ылайыкташтыруу, окуу жайдын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу иштери жүргүзүлөт.
Реформалоодогу дагы бир жаңы өзгөртүү - лицейге тапшыруучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу киргизилди. КУАЛга тапшыруу үчүн 9-классты бүтүргөндөргө же жалпы билим берүүчү мектептин тогуз жылдык толук эмес билими тууралуу күбөлүгүн алгандарга гана тапшыруу мүмкүнчүлүгү берилди. Ошол эле учурда ортодо бир жыл өткөрүлгөндүгүнө карабастан 2018-жылдын жайында 9-классты бүтүрүп лицейге тапшыргандар, окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн биринен кийин бири кеткен санак тартибин бузушпайт.
Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"