Жаңылыктар
Волейбол боюнча курамабыз Азия биринчилигинде чемпиону болду
Спорт
Волейбол боюнча курамабыз Азия биринчилигинде чемпиону болду

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы  2017-жылдагы Азиянын зоналдык мелдешинин чемпиону болду. Муну менен Андрей Анкудинов жетектеген волейболчуларыбыз тарыхтын жаңы барагын ачты. Мальдива аралдарында өткөн мелдештин кечээ 30-марттагы финалында Кыргызстандын курамасы Түркмөнстанды утуп алды. Улуттук командабыздын мындай ийгиликке жетишине бүгүнкү күндө аталган спортко жакындан көңүл бурулуп жатканы, федерация жетекчилигинин мыкты аракеттери себеп болгонун волейболчулар белгилешет. 

Кыргызстан 2015-жылдан бери бул мелдешке катышып жатат. Алгачкы жылы тайпадан чыга албаса, былтыр финалдык баскычка жетип, айрым себептерден улам техникалык утулушка ээ болгон эле.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"