Жаңылыктар
Жалал-Абад шаардык кеңеши тарады
Саясат
Жалал-Абад шаардык кеңеши тарады

Кеңештин өзүн-өзү таратуу чечимин 23 депутат кабыл алды. Буга фракциялар арасындагы келишпестиктер себеп болгону айтылууда.

Кеңешти таркатууну Өнүгүү-Прогресс фракциясы демилгени менен өзүлөрү сессияга катышкан жок.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин 7-чакырылышына депутаттар 2016-жылдын 11-декабрында шайланган. Кеңештеги 31 депутаттык орундан КСДП 10, "Өнүгүү прогресс" 8, "Ата-Журт" менен Кыргызстан бештен жана Республика-Ата Журт 3 мандатка ээ болушкан.  

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"