Жаңылыктар
Муфтий кандай сапатка ээ болушу маанилүү?
Дин
Муфтий кандай сапатка ээ болушу маанилүү?

4-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы  жаңы муфтийди  шайлайт. Муфтий - бул мусулмандардын руханий лидери. Адистердин айтуусунда, ал ислам дининин негизги багыттарын мусулмандарга түшүндүргөн  билимдүү сөзү менен дагы, иши менен дагы өрнөк боло турган адам болуш керек. Экинчиден, бир эле диний билим эмес  илимий жактан  да каныккан, дипломатиялык сапатка ээ болгон адам  болушу зарыл.

Белгилей кетсек, добуш берүүгө Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү катышат. Учурдагы муфтий Максатбек Токтомушев 2014-жылы 3 жылдык мөөнөткө шайланган. Кыргызстан эгемендүү болгондон бери сегиз муфтий иштеди. Максат ажы Токтомушев азыркы тогузунчу муфтий.

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"