УКМК имаратынын алдындагы митингде милиция тарабынан кармалып, шаардык кабыл алуу жана бөлүштүрүү жайына камалган Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин баардыгы 30-март күнү кечинде бошотулду.
ИИМ шаардык милицияда кармалган 65 адамдын үчөө буга чейин айып мөөнөтүн өтөп чыкканын, калганы 30-мартта бошотуларын маалымдаган.
Эске сала кетсек, 25-мартта оппозициялык саясатчы Садыр Жапаровду колдоп, УКМК алдында өткөн нааразычылык акция маалында жалпы 105 адам кармалган болчу. Жапаровдун агасы, баласы баштаган 12 адам соттун чечими менен 2 айга абакка кесилген.