Жаңылыктар
Ош шаарында газга болгон карызы өскөн жарандар арбын
Экономика
Ош шаарында газга болгон карызы өскөн жарандар арбын

Ошто элдин газга болгон карызы 19 миллион сомдон ашты. Буга  байланыштуу көп карызы бар абоненттерге “Газпром Кыргызстандын” Оштогу филиалы рейд өткөрдү. Анда көгүлтүр отко көп суммадагы карыз  болуп, бирок төлөбөй жүргөн абоненттердин газ куурлары кесилди. 

Карызы бар көпчүлүк абоненттер газ акысын убагында төлөбөй, натыйжада тууму менен көбөйүп кетет. 

Эске салсак көгүлтүр оттун метр кубу 14 сом 47 тыйынды түзөт. Эки айда төлөнбөй калган карыз үчүн куурлар кесилет. Аны кайрадан туташтыруу үчүн 3580 сом толөшөт.

Асанбек Пазыл,  "Биринчи радио", Ош шаары