Жаңылыктар
Орусия муфтийлер кеңешинин төрагасы шейх Р. Гаинутдин Бишкекке келет
Дин
Орусия муфтийлер кеңешинин төрагасы шейх Р. Гаинутдин Бишкекке келет

Орусиянын муфтийлер кеңешинин төрагасы шейх Равиль Гайнутдин Кыргызстанга келет. 

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашкандай, ал Бишкекте жаңы курулган "Махмуд ал-Кашгари" заманбап мечитинин ачылышына катышат. 

Андан тышкары, Равиль Гайнутдин ажынын сапарында Кыргызстан менен Орусиянын дин башкармалыктарынын өз ара кызматташуусу талкууланат.