Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учак кырсыгынан жабыркагандарга жардам иретинде ачкан атайын эсебине, түркиялык «Эй Си Ти Airlines» авиакомпаниясынан 600 миң АКШ доллары түштү. Бул болжол менен 42 миллион сомго барабар. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев түрк авиакомпаниясынын өкүлдөрү менен болгон кезектеги жолугушууда айтылды.
Которулган каражат материалдык зыяндын ордун толтуруу үчүн өкмөттүк комиссия алардан сураган сумманын бир бөлүгү. Жалпысынан чыгымдар 195 миллион сомго бааланган. Каражаттын биринчи бөлүгү атайын эсепке түшкөнү - түркиялык компаниянын тиешелүү төлөмдөрдү төлөп бере тургандыгынан кабар берет.
“Биз алардын аталган маселе боюнча тез арада бардык көйгөйлөрдү чечүүгө кызыкдар экенин көрүп турабыз", - деди Абулгазиев.
Түркиялык компаниядан талап кылынган каражат толук эсепке түшкөндөн кийин жабыркагандарга төлөнүп берилет.