Жаңылыктар
Гүл бажырая көркүнө чыкканча көп эмгекти талап кылат
Айыл чарба
Гүл бажырая көркүнө чыкканча көп эмгекти талап кылат

Бишкектин борбор аянтындагы кооз гүлдөрдү баарыңыздар көрсөңүздөр керек. Албетте, алар адамдын көңүлүн сергитип, сейилдеп жүрүшкөн жарандарга өзгөчө дем берет. Андыктан, быйыл Бишкек шаарына 1 миллиондон ашык гүл отургузулганы жатат. Мындай ишти адистер учурда күнөсканада өстүрүп, апрель айын аяктап тигүү ишин башташат.

Жакшылыктын жышаанын чакырган бул гүл Сальвино деп аталат. Дарылык касиети болгондуктан байыртан эле адамдар үй ичине өстүрүп келген. Ажайып, кооз көркү менен айырмаланган гүлдү Ала-Тоо аянтында да кездештирсе болот.


Көпчүлүктүн көңүлүнөн орун алган аянттагы гүлдөр мына ушул жерден даярдалат. Быйыл да жаздын келиши менен 1 миллиондон ашык гүл өстүрүлүп, апрель айында отургузула баштайт.
Өткөн жылы шаардыктардын жүрөгүн жылыткан жоогазын гүлү болгон. Быйыл да жашылдандыруу курулуш ишканасы салтка айланган ишин улантып, бул гүлдөн 120 миңден ашыгын отургузду.

“Гүлдөрдү өстүрүү бизде январь айынан тарта эле башталат. Ал үчүн атайын адистер иштейт. Быйыл да жарандардын көңүлүнөн орун ала тургандай кылып мыкты гүлдөрду өстүргөнгө аракет кылабыз. Буйруса жакшы, эң негизгиси - эл гүлдөргө аяр мамиле жасашса жакшы болор эле”,- деди “Жашылдандыруу курулуш” ишканасынын башчысынын орун басары Вера Слесарева. 

Гүл бажырая көркүнө чыккычакты көп машакаттуу ишти талап кылат. Бирок, тилекке каршы бул эмгектин баркын билбей, тебелеп, тепсеп кеткендер да жок эмес. Шаарыбыздын көркүнө көрк берген гүлдөргө аяр мамиле жасасак.