Жаңылыктар
Өзгөндөгү жер көчкү алдында калгандар табылды
Өзгөчө кырдаал
Өзгөндөгү жер көчкү алдында калгандар табылды

26-мартта түшкөн Өзгөндүн Ничке-Сай айылындагы жер көчкүнүн астында калган 6 жарандын баарынын сөөгү табылды. 

Бүгүн түштөн кийин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар отрядынын жана жергиликтүү ыктыярдуу жардамчылардын жардамы менен 4 жарандын сөөгү табылды. Мындан мурда эки баланын сөөгү табылган. 

Булар, Ничке-Сай айылындагы Топ-Жаңгак участкасынын жашоочусу Өмүрзак Эгемкуловдун үй-бүлөсү. Алты адам жашаган бул үй-бүлөдө төртөө балдар, алардын улуусу 7, кичүүсү 1,5 жаштагы балдар болгон. 

Маркумдардын сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилди.