Жаңылыктар
Республикалык инфекциялык оорукана алдыдагы 2,5 жылда жаңыланат
Ден соолук
 Республикалык инфекциялык оорукана алдыдагы 2,5 жылда жаңыланат

Бишкектеги республикалык жугуштуу оорулардын алдын алуу клиникасы модернизацияланат. Аны ишке ашыруучу меморандумга Кыргызстан менен Түштүк Кореянын саламаттык сактоо министрлери менен эки өлкөнүн оорукана жетекчилери кол коюшту. 

Кореялык делегация мындан сырткары инфекциялык оорукананын абалы менен жеринен таанышышты. 

Республикалык инфекциялык оорукана 400 адамды дарылоого ылайыкташкан. Көп жыл мурда ишке берилип, имараттары эски. Азыр жабдыктары жакшырып, дары дармек менен камсыздоо жолго коюлган. Бирок дүйнөлүк талаптарга жооп бербейт.

Оорукананын абалын көрүүгө Түштүк Кореянын саламаттык сактоо министринин орун басары жетекчилик кылган делегация келди. Анткени модернизациялоого кетүүчү 30 миллион доллар каражатты корей өкмөтү берет. Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтуусунда, эки министрлик ортосунда биргелешкен долбоорлор үч этап менен ишке ашат. 

Меморандумдун алкагында жылына абалы оор, мамлекеттин кароосуна муктаж 50 балага Корея клиникасына дарыланууга жеңилдик берилет жана врачтарга Түштүк Кореянын алдыңкы деп эсептелген клиникасында квалификациясын жогорулатуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Мындан сырткары учурда өлкөдө эки оорукананын курулушу жүрүп жатат. Ал эми модернизациялоо боюнча инфекциялык ооруканадай сегиз объекттин долбоору быйыл башталаарын Саламаттык сактоо министри айтты.