Жаңылыктар
Атамбаев Россиянын уламалар кеңешинин жетекчиси Гайнутдинди кабыл алды
Дин
Атамбаев Россиянын уламалар кеңешинин жетекчиси Гайнутдинди кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын уламалар кеңешинин жетекчиси Равиль Гайнутдинди кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен Россиянын муфтийлер кеңешинин ортосундагы кызматташуу тууралуу сүйлөшүлдү. 

Атамбаев менен Гайнутдин аймактагы жана дүйнөдөгү диний абал, өлкөлөр ортосундагы тынчтыкты бекемдөөдөгү исламдын орду тууралуу кеп кылып, экстремизм, терроризмди алдын алуу тууралуу сүйлөштү.