Жаңылыктар
Ак-Талаа районунда суу маселеси 20 жылдан бери чечилбей келет
Кыргызстан жаңылыктары
Ак-Талаа районунда суу маселеси 20 жылдан бери чечилбей келет


Алыскы Ак-Талаа районунун борбору Баетов айылында таза суу маселеси 20 жылдан бери чечилбей келет. Ал үчүн 60-жылдарда тартылган суу түтүктөрүн жаңыртуу керек. Бирок ага эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Ошондой эле таза суу топтолуучу жайдын орду толук бүткөрүлгөн эмес. Ага кошумча бул жай кайтарууга алынбагандыктын, жугуштуу оорулар өөрчүшү мүмкүн. Мындан улам эл аралык донорлор каржылаган "Таза суу» долбооруна дагы кат жөнөтүшкөн.Эл болсо бир миллион 640 миң сом чогултуп койгон. 

Бирок жобого ылайык, район борборлору мамлекет казынасынын эсебинен жасалбайт. Ал эми бул багыттагы башкы инвестор эсептелген европалык өнүктүрүү банкы 30 миңден ашык калкы бар айылдарга гана каражат бөлөт. Мына ушундай талаптардын кесепетинен район борборундагылар таза суудан куру калышууда.