Жаңылыктар
ЖКнын депутаты Музаффар Исаковдун айыбы угузулду
Коррупция
ЖКнын депутаты Музаффар Исаковдун айыбы угузулду


Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаковдун айыбы угузулду. УКМКнын тергөө башкармалыгы анын коррупциялык ишке аралашканын кабарлады. Эл өкүлү Сузак районуна караштуу Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турган учурунда тиешелүү мекемелер менен жең ичинен сүйлөшүп алып, мыйзамсыз токтомдор аркылуу 15 гектар аянтка жакын айыл чарба жерлерин курулуш жүргүзүүгө берген деп шектелүүдө. Исаковго алыс жакка кетпөө тууралуу баш коргоо чарасы көрсөтүлдү. Бирок, парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү өзүнө коюлган айып менен макул эмес. Башкы прокуратура болсо депутатка кылмыш ишин 13-февралда козгогон.