Жаңылыктар
Ажылык сапардын баасы кымбаттады
Кыргызстан жаңылыктары
Ажылык сапардын баасы кымбаттады

Быйылкы ажылык сапардын баасы 2760 долларга бааланып, былтыркыга салыштырмалуу 160 долларга кымбаттаган. Бул тууралуу муфтийдин орун басары Акимжан Эргешов билдирди.

Анын айтымында ажылык сапардын наркы жогорулаганы, Арафаттагы чатырлардын баасы көтөрүлүп кеткенине байланыштуу болду. Кыргызстандан ажылыкка баруу үчүн 4585 адамга квота берилген. 

Бүгүнкү күндө 5 миңге чукул адам ажылыкка баруу ниетин билдирип, алдын ала 400 доллардан төлөп, техникалык каттоодон өткөн. 

Муфтият 3-апрелден баштап ажылык сапарга бара тургандардын документтери кабыл алат жана 21-апрелде зыяратка аттанчулардын тизмеси аяктайт.