Жаңылыктар
Эл аралык "Ататүрк - Ала-Тоо" университетинин аты "Ала-Тоо" болуп өзгөртүлдү
Билим
Эл аралык "Ататүрк - Ала-Тоо" университетинин аты "Ала-Тоо" болуп өзгөртүлдү

Эл аралык "Ататүрк - Ала-Тоо" университетинин аты "Ала-Тоо" болуп өзгөртүлдү. Эл аралык "Ала-Тоо" университетинин түзүүчүлөр курамына Билим берүү жана илим министрлиги кирди.

Эми жаңы устав иштелип чыгып, Юстиция министрлигинен каттоодон өтөт. Мындан сырткары, окуу жайдын мурунку ректору Осман Гокалптын кызматынын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу , окуу жайдын жаңы ректору болуп коомдук ишмер, педагогика илимдеринин доктору, профессор Жангороз Каниметов дайындалды. 

"Ала-Тоо" университети "Сапат" билим берүү мекемесинин курамына кирет. Буга чейин эл аралык "Себат" билим берүү мекемесинин аты да "Сапат" деп өзгөртүлгөн.