Жаңылыктар
Кыргызстанга шишик ооруларын дарылоочу аппарат келет
Ден соолук
Кыргызстанга шишик ооруларын дарылоочу аппарат келет

Кыргызстанда жыл сайын шишик оорулары менен кайрылган 5 миң учур катталат. Учурда Улуттук онкология жана гематология борборунда залалдуу шишикке чалдыккан 25 миң адам тизмеде турат. 

Бул тууралуу Онкология жана гематология борборунун директорунун милдетин аткаруучу Эрнист Тилеков билдирди. Анын айтымында, бейтаптар камырабай чыдап жүрө беришип, медициналык мекемелерге оору ашкере өтүшүп кеткенде гана кайрылышат. Мындан улам, аны дарылоо да кыйынга жатат. 

Тилеков билдиргендей, Индиядан эки айдан кийин “Бабатрон” нурдануу терапиясынын аппараты келет. Быйыл саламаттыкты сактоо мекемелеринде оңдоп-жаңылоо иштери да башталат.