Жаңылыктар
Сотторго ишеним төмөн
Коррупция
Сотторго ишеним төмөн

Сотторго ишеним дале төмөн. Мындай пикир судьялардын 10-курултайында айтылды. Анда  тармакты реформалоонун жүрүшү, анын жыйынтыктары тууралуу сөз болуп, соттор кеңешинин жаңы курамы бекиди.

Курултай өлкөнүн ар аймактарындагы судьялардын башын бириктирди. Ага катышкан президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчынын фемида өкүлдөрүнө кайрылуу катын окуп, сот реформасы натыйжа берип жатканын, бирок элдин судьяларга берген баасы төмөн бойдон калып жатканын белгиледи.

Узак убакыттан бери жүрүп келген сот реформасынын алгачкы кадамдарынын бири катары судьяларды тандоо кеңеши түзүлгөн. Бирок, аталган кеңештин ишмердүүлүгүнө сындар айтылып келет. 2011-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин 463 орунга 1514 талапкер ат салышкан. Өтпөй калгандардын басымдуу көпчүлүгү  тандоонун жыйынтыгына нааразы. Ошондой эле кеңештин элегинен өткөндөрдүн 130ун  президент кайра кайтарган. Парламент депутаттарында, жарандык коомдун өкүлдөрүндө татыксыз талапкерлер иргелип жатат деген сын-пикирлер бар. Бирок, сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев бардыгы божомолдорго негизделгенин, шектүү фемида өкүлдөрү тууралуу конкреттүү фактылар жетишсиз экенин айтат.

Ошентип реформаны жүзөгө ашыруу аракети канчалык көрүлсө да ага тоскоолдуктар бар. Бийлик натыйжага жетишүү үчүн жарандык коомдун пикирин олуттуу деп эсептейт. Сот отурумдарын онлайн аркылуу көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү, жогорку квалификациялуу адистерди ишке тартуу маанилүү экени белгиленди. Судьялардын курултайы соттор кеңешинин жаңы курамын бекитүү менен аяктады.