Жаңылыктар
Күндүн темасы: "Оор жүк ташуучу унаалар катышкан жол кырсыктары көбөйүүдө"
Кыргызстан жаңылыктары
Күндүн темасы: "Оор жүк ташуучу унаалар катышкан жол кырсыктары көбөйүүдө"

Биринчи радионун "Күндүн темасы" уктуруусунда бул жолу оор жүк ташуучу унаалар катышкан жол кырсыктары түз эфирде талкууга алынды.  

Кийинки күндөрдө оор жүк ташыган унаалардын катышуусунда жол кырсыктары көп катталып, ал адам өмүрүнүн кыйылышына себеп болууда. 

Уктурууга КР ИИМнин патрулдук милиция башкы башкармалыгынын  жол көзмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, полковник  М.Сандыбаев,  Транспорт жана жол министрлигинин салмак габарит департаментинин директорунун орун басары Т.Өмүрзаков, “Кыргызжолунаа” долборлоо институтунун башкы инженери Т.Солтобаев жана Транспорт жана жол министрлигинин  Жол чарба департаментинин  өндүрүш бөлүмүнүн башчысы Акыл Мусабаев  катышты.