Жаңылыктар
Таласта алтын иштеп чыгаруучу комбинат курулат
Экономика
Таласта алтын иштеп чыгаруучу комбинат курулат

Ушул жылдын апрель айынан тарта “Жер үй” алтын кенинде алтын иштеп чыгаруучу комбинат курулат. Бул тууралуу “Альянс-Алтын” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Михаил Шубин Талас облусунун эли менен жолугушууда айтты. Кенди иштетүү боюнча долбоор даярдалып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына экспертизага жиберилген. 

Эми долбоор толук макулдашылгандан жана бекитилгенден соң курулуш иштерин баштоо пландаштырылат. Аталган алтын кенди иштетүү 2018-жылга пландалган. “Жер үй” бул узак мөөнөттүү долбоор, аны ишке ашыруу менен Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көптөгөн салым кошулары айтылып келет.

«Альянс Алтын» ишканасы коммерциялык мекеме, ошондуктан ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде гана иш алып барат. Саясатка эч кандай тиешеси жок.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"