Жаңылыктар
Борбор калаада “Жаз деми” аталышындагы жарым марафон өттү
Спорт
Борбор калаада “Жаз деми” аталышындагы жарым марафон  өттү

Кечээ, сергек жашоого үндөгөн “Жаз деми” аталышындагы жарым марафон  өттү. Уюштуруучулардын айтымында 2016-жылдын күз айында уюштурулган “Күз деми” аталышындагы жарым марафонго катышкандардын саны 300гө жетсе, бул жолу 900дөн ашты. 

Уюштуруу иштери дагы жогорку деңгээлде жүргүзүлгөнү байкалып турду. Ал эми, жамгырлуу күндөрдөн кийин, жаркырап күндүн чыкканы да катышуучуларга өзгөчө маанай тартуулады. 

Аталган иш-чаранын негизги медиа-өнөктөштөрдүн бири катары КТРК болуп, марафон  КТРК СПОРТ телеканалы тарабынан тартылып алынды.