Жаңылыктар
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына муфтий шайланат
Дин
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына муфтий шайланат

Эртең, 4-апрелде 7-ирет Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи шайланат. Өлкөдөгү дин тармагынын башчылыгына 3 адам талапкерлигин коюп, алардын бири диний аалым Чубак ажы Жалилов шайлоого катышпай турганын Фейсбук баракчасы аркылуу жарыялады.

Эми азыркы муфтий Максатбек ажы Токтомушев менен окумуштуу, диний аалым Ниязалы Ариповдун бири тандалышы керек. 

4-апрелде муфтийден сырткары Муфтияттын борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы да шайланат жана Аалымдар кеңешинин курамы жаңырат. Муфтий болуу үчүн атайын эреже жана талаптар коюлган.