Жаңылыктар
ӨКМ аба ырайынын өзгөрүлүшүнөн жарандарды сак болууга чакырат
Өзгөчө кырдаал
ӨКМ аба ырайынын өзгөрүлүшүнөн жарандарды сак болууга чакырат

7-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунда, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашууларында, Мырзаке-Кара-Кулжа, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка-Ак-Таш, Казарман-Актал-Чат, Бишкек-Нарын-Торугарт, Арал-Миң-Куш, Каракол-Эңилчек жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталып, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Чүй, Талас жана Нарын облустарында, ойдуң жерлерде суу капташы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жүрүшү күтүлөт. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлгөндүктөн жергиликтүү тургундар сак болуп, түрдүү күтүлбөстүктөргө даяр турушу зарыл.