Жаңылыктар
Дарыгерлер бир жума бекер эмдөө жүргүзүшөт
Ден соолук
Дарыгерлер бир жума бекер эмдөө жүргүзүшөт

Кыргызстандагы дарыгерлер бир жума бою эл аралап бекер эмдөө жүргүзүшөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады. 

Мындай иш-чара европалык иммунизациялоо жумалыгынын алкагында 24-30-апрель күндөрү жүргүзүлөт. Саламаттык сактоо министрлиги 25 көчмө жана медицина кызматкерлеринин 22 мобилдик бригадасын түзүп, алар жаңы конуштарды, айылдарды жана жайыттарды кыдырып эмдөө пунктуларын уюштуруу менен алектенишет.