Жаңылыктар
Ишкерлерге мерчемсиз текшерүүлөр азайтылат
Экономика
Ишкерлерге мерчемсиз текшерүүлөр азайтылат

Кыргыз өкмөтү тарабынан ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында мерчемсиз текшерүүлөрдү азайтып, аларды салыктардан бошотту. Мындай кадам ишкердикти эл аралык деңгээлге алып чыгууга мүмкүндүк бере турганын адистер белгилешет. 

Анткени, ишкерлер алгачкы капиталдык колдоого муктаж. Алардын ишкердик баштоосуна белгилүү көлөмдөгү каражат талап кылынат. Кыргыз өкмөтү кайра иштетүү тармагына үстөгү 6 пайыздык жеңилдетилген насыяны бере баштады. 

Ишкердикти өнүктүрүү жөнүндөгү мыйзам кабыл алынса, анда ишкерлерге мыйзам алкагында иш жүргүзүүгө жаңы шарттар жаралмак дешет адистер. 

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"