Жаңылыктар
Жолдогу кандуу кырсыктар азайган жок
Кырсык
Жолдогу кандуу кырсыктар азайган жок

Соңку үч айда стратегиялык маанидеги унаа жолдордо катталган кырсыктардан 10 адам каза таап, жыйырмадан ашыгы жаракат алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын Жол көзөмөлдөө бөлүмү билдирүүдө. Каргашалуу окуялардын башкы себеби катары адистер айдоочулардын жоопкерчилиги менен унаанын техникалык абалын белгилешүүдө. 

Кошумчалай кетсек, азыркы күндө Ички иштер министрлиги жол кырсыктарды азайтуу максатында пландан сырткары рейддерди өткөрүп, талаптарды күчөтүүдө. Ошондой эле жолдорго МАИ кызматкерлерин коюп, сырттан кирип жаткан авто унааларды милдетүү түрдө техникалык көзөмөлдөн өткөрүү жагы каралууда. Эң башкысы айдоочулар менен  жүк ээлеринин жоопкерчилигин күчөтүүнүн үстүндө иш жүрүп жатат-дешет алар.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"