Жаңылыктар
Бишкек мэри 27-февралда шайланат
Саясат
Бишкек мэри 27-февралда шайланат

Бишкек шаарына талапкерлерди каттоо бүгүн аяктап, шайлоо 27-февралда өтөт. Мурдагы мэр Кубанычбек Кулматов өз арызы менен кызматтан чегингенден кийин, саясий партиялар арасында күрөш жүрүүдө.

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарын башкарган ондон ашуун мэрдин  айрымдары шаарды тоноп каммакка алынса, экинчиси башка өлкөгө чыга качып,  эл аралык издөөдө жүргөндөрү дагы бар. Андыктан кала тургундары Кубанычбек Кулматовдон кийинки мэрлик кызматка саясаттан алыс чарбакер, буга чейинки ишмердүүлүгү таза адам өтсө –деген тилекте.

Азырынча талапкерлердин кимисинин башына бак коноору белгисиз. Бирок кандай болгон күндө дагы тургундардын мүдөөсүн аткарган, саясаттан алыс, чарбачыл адам келиши маанилүү-дешет шаардыктар.

Белгилей кетсек, 27-февралда  шайлоону Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы өткөрөт. Анда  Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын жарымынан көбү колдоп добуш бергенде гана  мэр шайланган болуп эсептелет.