Жаңылыктар
Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өттү
Экономика
Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өттү

«Тарых жана келечек алдындагы жоопкерчилик бизди 2040-жылга күчтүү, өзүн өзү баккан жана өсүп-өнгөн мамлекет курууга милдеттендирет». Мындай пикирин президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин жыйынында айтты. 

Кеңештин 5-жыйыны бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өттү. Анда 2013-2017-жылдар аралыгында өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясы кандай ишке ашканына баа берилип, 2040-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын даярдоо маселеси талкууланды. Өлкө башчы акыркы 5 жыл ичинде бардык тармактар боюнча орун алган реформалар тууралуу баяндама жасап, аны менен бирге экономиканын өсүшү, тышкы саясаттагы көп багыттуу ишмердик, миграция маселеси, айлык маяна, жөлөк пулдун көлөмүнүн жогорулаганы, куралдуу күчтөрдөгү өзгөрүүлөр, маданият, туризм тууралуу айтып, ошондой эле кыска убакыттын ичинде элдин аң сезими өзгөрүп, коом азыр такыр башка экенин белгиледи.

"Эми алдыдагы милдет- элибиз, өлкөбүз мындан ары да бул жолун жоготпосун десек, 5 жылдык эмес, 20, 25 жылдык “Жол картасын” түзүп коюшубуз керек",- деп баса белгиледи президент. 

Жыйында өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияны ишке ашыруу боюнча конкреттүү долбоорлорду ушул жылдын 15-июнуна даярдап, талкуулоо чечими кабыл алынды.