Жаңылыктар
Узак мөөнөттүү улуттук стратегия
Саясат
Узак мөөнөттүү улуттук стратегия

Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы- катаал мезгилден кийин кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кубаттуу пайдубалын жаңыдан түптөөгө жол ачты. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин жыйынында айтты. Жыйындын жүрүшүндө буга чейинки ийгиликтүү ишке ашкан 5 жылдык программага баа берилип, 2040-жылга чейинки Улуттук стратегиянын негизги жана маанилүү багыттары талкууга алынды.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы “Эне-Сай” конок үйү. Ишке берилгенден бери бул жайда мамлекеттик маанилүү иш-чаралар өтүп келүүдө. Бүгүн да өлкө тарыхында кала турган өзгөчө күн болууда, мамлекеттин келечегин аныктаган узак мөөнөттүү Улуттук стратегиянын алгачкы талкуусу башталды.

Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин мүчөлөрү толук курамда, андан сырткары адистер, мамлекеттик кызмат жетекчилери, чет элдик өкүлчүлүктөрдөн коноктор, ишкер чөйрө жана башка бардык кызыкдар тараптар жыйынга чогулган. Иш-чараны президент Алмазбек Атамбаев ачып, алгач күн тартиби бекитилди. Өлкө башчы бул жолу бир саатка жакын баяндама жасады, анткени буга чейинки 5 жылдык программага баа берилип, жана алдыдагы 25 жылга эсептелген стратегия ортого салынмакчы.