Жаңылыктар
Санкт-Петербургда метро түйүнү убактылуу жабык.
Кырсык
Санкт-Петербургда метро түйүнү убактылуу жабык.

Санкт-Петербургдагы жардыруудан 10 жакын адам каза болду. Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын метросунда 3-апрель күнүн түш оой болгон жардыруудан кеминде 10 адам каза болгону айтылууда.  Бул тууралуу шаар башчысынын басма сөз катчысы Андрей Кибитов ММКларга билдирген. Ошондой эле Кибитов Твиттердеги баракчасына жаракат алгандардын саны 50дөн ашты деп жазган. Жардыруу "Сенная" жана "Технологический институт" станцияларында болгон. 

Учурда аталган станциялар жабылып, коопсуздук аракеттери көрүлүүдө.  Россиядагы Кыргызстандын элчилиги маалымдагандай, кырсык болгон жерге биринчи катчы, канцеляриянын кызматкерлери жана Санкт-Петербургдагы ардактуу консул чыгып кеткени айтылууда. Айрым жергиликтүү маалымат каражаттары "Площадь Восстания" станциясында жарылбай калган бомба табылганын жазып чыгышты.