Жаңылыктар
Аймактардын инфраструктурасын өнүктүрүү
Экономика
Аймактардын инфраструктурасын өнүктүрүү

Мамлекеттин ресурстары эми арзан баада сатылбайт. Бул тууралуу өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңештин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев белгиледи. Маселен, “Жер үй” кенин иштетүүгө укук алган компания мамлекеттин казынасына 100 миллион доллар төккөн. Мындан сырткары лицензиянын мурдагы ээсине 65 миллион доллар төлөдү. Мурдагы компания лицензияны болгону 300 сомго сатып алган. “Жер үйдүн” акчасы кайда жумшалып, кандай долбоорлор каржыланууда.

Талас облусун өнүктүрүү үчүн “Жер үйдү” иштете турган компания былтыр “Бакубат Талас” фондун түзгөн. Ал социалдык, агартуучулук жана спорттук программаларды каржылайт. Мындан сырткары айыл-чарбасы, чакан жана орто бизнес үчүн насыя берет. 

Фонддун каражаттары социалдык обьектилерди капиталдык оңдоодон өткөрүүдө да пайдаланылып жатат. Быйыл Манас районунда Талас дарыясынын жээгин бекемдөөгө, Ак-Башат айылынын көчөсүн жарыктандырууга, медициналык жайларды жылуулоого 10 миллион сом жумшалат. Кенди иштете турган компания менен жергиликтүү активдердин жолугушуусунда тургундар экологиялык көйгөй боюнча тынчсыздануусун билдиришти.

“Жер үй” кени 2018-жылдын соңунда иштетиле баштайт. Андагы алтындын көлөмү 75 тоннаны түзөт. Компания экологиялык жана техникалык коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулаарына ишендирүүдө. “Жер үйдү” иштетүүгө укук алган компания мамлекеттин казынасына 100 миллион сом төккөн. Президент Алмазбек Атамбаев ал өлкөнүн баардык аймактарында мектептерли курууга жумшалаарын билдирген эле. Андан бери 54 жаңы мектеп салынып, 98и толугу менен оңдоодон өткөрүлдү.