Жаңылыктар
Коррупция менен күрөшүү иши бийликтин жогорку эшалонунан башталды
Саясат
Коррупция менен күрөшүү иши бийликтин жогорку эшалонунан башталды

Акыркы 5 жылдын ичинде эле 7 миңге жакын коррупциялашкан ишмердүүлүк, анын ичинде жогорку деңгээлдеги чиновниктерге карата кылмыш иштери козголгондугун президент 3-апрелде туруктуу өнүгүүнүн  улуттук стратегиясынын 5-жыйынында  билдирди. 

Өлкө башчы жемкорлук менен тутумдуу күрөшүү башталгандыгына токтолуп, 7 миңге жакын коррупциянердин ичинен 500гө жакыны эң   жогорку  кызматта  иштегендер деп айтты. Талдоочулар коррупцияга аралашкан аткаминерлердин кармалып, алтурсун айрымдарынын ичип-жегендерин кайрадан мамлекетке төгүп берип жатышы кийинки кездерде жемкорлук менен күрөшүү иштери өз натыйжасын бергендигине далил боло тургандыгындыгын баса белгилешип, тазаланууга кадамдар  башталды  дешти. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"