Жаңылыктар
“Ата Мекен” партиясынын юристтерине кылмыш иши козголду
Кылмыш
“Ата Мекен” партиясынын юристтерине кылмыш иши козголду

Басма сөзгө баяндама

Мураскер деп бүгүн "Фабула" Атамбаевди эмес, кыргыз жерин, кыргыз элин коргогула! деген теманын алдында жарык көрдү. Кечээ “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча  улуттук кеңешинин бешинчи отурумунда президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчылыкка ат салышууга камынышып жаткандарга кайрылып, Кыргызстандын эгемендигин  коргоого чакырганын эске салды.  “Мен Кудайдан гана корком. Мен элимдин алдында акмын. Кудай көрүп турат. Мага мени коргой турган мураскер кереги жок. Бүгүн ушул жерде президент болом деген бир топ жигиттерибиз отурат. Баарыңарга ийгилик каалайбыз! Кудай колдосун! Бирок унутпагыла, бийликтин булагы эл. Президент болуп калсаңар Атамбаевди эмес, кыргыз жерин, кыргыз элин коргогула. Уурулардан, мародерлордон, эл бузарлардан коргогула деп билдиргенин бүгүн "Фабула" ушул темага жазды. 

Майда маалыматтардан турган алдыңкы бет Канатка сыйыртмак ыргытылды, депутат Музаффар Исаковго айыбы угузулду, Жангороз Каниметов ректор болду, Депутат болуу кезеги Зарылбек Рысалиевге келди, “Ата Мекен” партиясынын юристтерине кылмыш иши козголду, Жанар Акаевге тор жайылдыбы? Адахан акылын айтты, Ажыга баруунун баасы кымбаттады, Жогорку сот Чотонов боюнча арызды канааттандырган жок аталыштагы макалаларга толду. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"