Жаңылыктар
Өлкөбүздө апрель революциясы эмне үчүн болгон?
Саясат
Өлкөбүздө апрель революциясы эмне үчүн болгон?

2010-жылдын 7-апрелинде  элдик көтөрүлүштүн натыйжасында  бийликтеги авторитардык, диктатуралык режимди талкалоонун күнү. Революция өлкөнүн өнүгүшүнө кандай өзгөрүү  алып келет деген суроо жаралат? Революция   мамлекеттин социалдык, коомдук-экономикалык   жана саясий түзүлүшүн   түп тамырынан өзгөртөт. Эсиңиздерге сала кетсек1789-жылы  Улуу француз революциясынан кийин нечендеген  өлкөлөрдө революциялык кыймылдар башталды. Бул дүйнөлүк революциялык процесстерде   кээ бир мамлекеттерде монархиялык бийлик кулап, социалдык, коомдук- экономикалык жана  башкаруунун жаңы системалары түзүлдү.

Карапайым  адамдар  революция жеңген өлкөнүн башкаруу органдарына аралашып социалдык, экономикалык маселелерди чечүүдөгү зор күчкө айланган. Андан тышкары  завод, фабрика, ишканаларында жумушчулардын профсоюздук уюмдары түзүлгөн. Бүгүнкү  күндө да бул профсоюз уюмдары  революциялар болуп өткөн мамлекеттерде кызматкерлер, жумушчулардын өзүлөрүнүн саясий, социалдык укуктарын коргоодо  бийликтерди чөгөлөтүүгө зор күч. Кененирээк аудиодон укса болот.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов.Тааныштырган Бакыт Тапаев болду