Жаңылыктар
Кемтик оорулары менен төрөлгөн наристелер көбөйүүдө
Ден соолук
Кемтик оорулары менен төрөлгөн наристелер көбөйүүдө

Кыргызстанда кемтик оорулары менен жабыркаган наристелердин төрөлүшү жыл санап өсүүдө. Жылына өлкөдө 158 миң бала төрөлсө анын ичинен 3 миңдейи кемтик оорулар менен төрөлүп жатат. Буга кош бойлуу аялдардын өзүнө кам көрбөгөнү себеп. Туубаса кемтик оорулар менен төрөлгөн балдардын көпчүлүгүн Кыргызстанда дарылоого мүмкүн эмес. Аргасыздан   ата-энелер социалдык түйүндөр аркылуу жардам сурап чет өлкөдөн дарылатууга муктаж болушууда.  

Дүйнө  жүзүндөгүдөй эле  балдардын өнүгүү аномалиясынын жайылуусу тынымсыз өсүп жатат. Тубаса кемтик оорулары  2016-жылы 18 пайызды түзүп башкача айтканда жалпы ымыркайлардын өлүмүнүн 1/ 5 түзгөн. Тубаса кемтик ооруларына болгон майыптык 17 жашка чейин болуп,  жалпы майыптуулук 26,2 пайызын түзөт. 

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"